• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Ленин көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоодон өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Ошто Ленин көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоодон өтүүдө, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов Навои көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки бөлүктө таза суу түтүктөрүн алмаштыруу, ирригациялык лотокторду орнотуу жана Мамажан көчөсүнөн Загородная көчөсүнө чейинки тилкеде жолду ондоп-түзөө, тротуарларды куруу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу аны менен катар асфальтты төшөө иштери жүрүп жаткан Ленин көчөсүндөгү курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты.

Анын алкагында мэр аткарылып жаткан иш-чаралардын негизги артыкчылыктары болгон оңдоо иштеринин сапатына жана бүткөрүү мөөнөттөрүнө көңүлүн бурду.

Мындан тышкары, Бакытбек Жетигенов долбоорду ишке ашырууда, учурда имараттардын айланасындагы жашыл аймактарды сактоо, долбоордук иш-чараларды так иштеп чыгуу зарылчылыгын белгиледи.

Ош мэриясынан кошумчалашкандай, жасалып жаткан жумуштар шаар тургундарынын кайрылууларына ылайык, ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө. Жумуш иштери жалпы бир чакырымга жакын аралыкта жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий