• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Ленинград блокадасынын курчоодон бошотулган күнүнө карата митинг-реквием өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.01.23./Кабар/. Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин жанында Ленинград блокадасынын курчоодон бошотулгандыгынын 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, калаадагы Орус үйүнүн (Россотрудничество) өкүлдөрү, ардагерлер, мектеп окуучулары катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар бир мүнөт эскерип, эстеликке гүлчамбарларды коюшту.

Жалпысынан блокада учурунда Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган, анын 3 миңден ашууну балдар болгон.

Белгилей кетсек, Ленинград блокадасы 872 күнгө, тагыраагы, 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин созулган. Анын курмандыктарынын так саны белгисиз. Ар кандай маалыматтар боюнча, 400 миңден 1,5 миллионго чейин жеткен.

Пикир

Оставить комментарий