• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто үлгүлүү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жазгы үч айлыктын жыйынтыгы менен аныкталган үлгүлүү көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын сыйлады.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, көп кабаттуу үйдүн айланасын өзгөчө көрктөндөрүп, тазалыгын сактап, түрдүү гүлдөрдү өстүргөн У.Салиева көчөсүндөгү № 24 жана 28-үйү, Атабаев көчөсүндөгү № 154 үйү «Мыкты көп кабаттуу үй» номинациясы жеңип алып, мэриянын ыраазычылык баракчасы жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

«Мэр көп кабаттуу үйлөр арасында тазалыкка, көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бургандарга ыраазычылыгын билдирди», - деп кабарлашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий