• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто “Үлгүлүү короо” долбоорунун негизинде көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы оңдоло баштады

Аймак 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Ошто “Үлгүлүү короо” долбоорунун негизинде көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы оңдолуп, шарттар түзүлө баштады.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 24-июнда Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда “Үлгүлүү короо” семинары болуп, мэр Таалайбек Сарыбашов жашоочулар менен жолугушту.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан У. Салиева көчөсүндөгү №40-В, №40-Г2 көп кабаттуу үйлөрүнүн короосун оңдоп-түзөө боюнча долбоор ишке ашты.

Долбоордун негизинде аталган көп кабаттуу үйлөрдүн сырты акталып-сырдалып, ички жолдору асфальтталган. Эскирген ирригациялык лотоктор жаңыланып, балдар аянтчалары курулду. Мындан тышкары, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Мэр ар бир кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн арасын оңдоп-түзөө иштери уланаарын билдирди.

Мэр “Үлгүлүү короо” долбоорун ишке ашырууга жардам көрсөткөн демөөрчүлөргө жана жергиликтүү тургундарга Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Айта кетсек, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап-сырдоо ишерине кеткен акча каражаттын 50 пайызын үйдүн жашоочулары берген.

Пикир

Оставить комментарий