• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто лифттерди тейлөө боюнча жаңы диспетчердик борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.09.22./Кабар/. 8-сентябрда Ош шаарында SKY INDUSTRIAL GROUP компаниясынын лифттерди тейлөө боюнча жаңы диспетчердик борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардын ишкерлери жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, курулуш компанияларынын өкүлдөрү, МАБ жетекчилери жана жашоочулар катышты.

С. Жунусбаев Ош шаарынын мэринин атынан борбордун ачылышы менен куттуктап, бул багыт азыркы учурда эң керектүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, SKY INDUSTRIAL GROUP холдинги лифт тармагында 14 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Бул ишкананын тейлөө бөлүмү 500дөн ашык лифтти тейлейт. Жакында Кыргызстанда курулган заводдо жогорку технологиялык лифт жабдуулары чыгарыла турган өндүрүш ишке кирди.

Диспетчердик борбордун негизги багыты - лифттердин көйгөйсүз иштешин камсыз кылууда.

Пикир

Оставить комментарий