• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алып, жардам көрсөтүү уланууда

Аймак 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев жана комитеттин кызматкерлери шаардагы материалдык колдоого муктаж, турмуш шарты оор ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга барып, азык-түлүк баштыктарын, акча каражаттарын тапшырды.

К.Саркарбаев бул күн мээримдүүлүктүн, боорукердиктин, кайрымдуулуктун күнү экендигин белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ар дайым камкордукка алууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий