• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү жардамдар көрсөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев баш болгон вице-мэрлер шаарда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып кабар алышты.

Биринчи вице-мэр шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашовдун атынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга азык-түлүк баштыктарын, майыптар үчүн арабаларды жана акча каражаттарды тапшырды.

“Бул күн дүйнө жүзүндө белгиленип, мээримдүүлүктүн, боорукердиктин, кайрымдуулуктун күнү экендигин ырастап турат. Андыктан Ош шаарынын мэриясы да шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ар дайым камкордукка алууга даяр. Баарыңыздарга бекем ден соолук каалайм”,- деди С.Турдуев.

Ошондой эле, биринчи вице-мэр С.Турдуев, шаардык кеңештин депутаты Ашим Осмонов балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборуна барып, тарбиялануучуларга белектерди тапшырышты.

Айта кетсек, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга даректүү колдоо көрсөтүү максатында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык жарыяланып, иш-чаралардын планы бекитилген. Анын негизинде Ош шаарынын аймагында жайгашкан ар бир мекеме-уюм, ишкана жана билим берүү, социалдык мекемелер материалдык колдоого муктаж, турмуш шарты оор ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү колдоолорду көрсөтүшүүдө.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында 2855, шаардык Социалдык фонд башкармалыгында 4047 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам катталып социалдык жөлөк пул алышат. Алардын ичинен 18 жашка чейинки балдар – 950.

Пикир

Оставить комментарий