• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.12.17. /Кабар/. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэриясынын жетекчилери социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө барып кабар алышты. Шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров менен вице-мэр Нурбек Кадыров, шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаевдин атынан бир нече мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардам жана азык-түлүктөрдү тапшырышты.

Ошондой эле, мэриянын жетекчилери “Боорукердик” үй интернатындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалы менен таанышып, материалдык жардам, азык-түлүк жана керектүү буюмдарды беришти.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бүгүнкүдөй даталуу күндөрдө гана көңүл бурулбастан биз аларга колдон келишинче такай жардам көрсөтүп, ыңгайлуу шарт түзүп бергенге аракеттенишибиз керек. Майып деп аталып, бирок көөдөнү, көкүрөгү жаркын туугандар, Кудайым сиздерге терең сабырыңыздар үчүн баардык жакшылыгын берсин”,-деди З.Аскаров.

Муну менен катар жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун” түштүк аймактык областтар аралык башкармалыгына 300 миң сом бөлүнүп берилди.

Айта кетсек, шаардын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругуна ылайык Ош шаарында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Биз биргебиз” аттуу бир айлык жарыяланган. Жарыяланган бир айлыктын негизинде,материалдык колдоого муктаж, турмуш шарты оор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү колдоо көрсөтүлүүдө. Мындан сырткары, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан Ош шаарынын аймагында жайгашкан ар бир мекеме-уюм, ишкана жана билим берүү мекемелери социалдык мекемелерге жана аларда иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардам берилет.

Ошондой эле, ДМЧ жарандарга кресло-коляскаларды тапшыруу, материалдык жардам көрсөтүү, кайрымдуулук тамак-аш, чарбалык жактан тейлөө жана үйлөрүнө барып медициналык кароолор уюштурулууда. Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында бир ай бою мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укутары жана кепилдиктери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында “ачык эшиктер” акциясы өтөт.

Ош шаарында жалпы 6818 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий