• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто "Өмүр үчүн ойнойбуз!" аттуу ураан менен волейбол боюнча кайрымдуулук чемпионаты өтөт

Коом 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Ошто "Өмүр үчүн ойнойбуз!" аттуу ураан менен волейбол боюнча кайрымдуулук чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган. Мындай демилгени колдогон вице-спикер Аида Касымалиеванын демилгеси жана Кыргыз волейбол федерациясынын президенти Элмырза Сатыбалдиевдин колдоосу менен 15-февралда Ош шаарында волейбол боюнча Кыргызстандын кайрымдуулук чемпионаты өтөт. Мелдешке саясатчылар, мугалимдер, дарыгерлер, юристтер, экономисттер, журналисттер, ишкер айымдар катышат.

Иш-чаранын максаты 15-февраль - рак илдетине чалдыккан балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата "Өмүр үчүн ойнойбуз!" урааны менен Кыргызстандын аялдарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикте бири-бирин колдоосун арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу аркылуу рак илдети менен ооруп жаткан 12 жаштагы Темирбекова Айжамалдын операциясы үчүн керектелүүчү акча каражатын чогултуу болуп саналат.

Ушу тапта Айжамал апасы менен биргеликте баш сөөгүн алмаштыруу үчүн Индиянын Дели шаарындагы «Dharamshila Narayna Super Speciality Hospital» ооруканасында дарыланууда. Дарылоо оор болгондуктан, анын операциясына 70 миң доллар талап кылынат.

“Кайрымдуулук жараянына кайдыгер карабай, аталган иш-чарага жигердүү катышып берүүңүздү суранам. Кайрымдуулук иш-чарасы Ош шаарындагы "Рамазан" спорт комплексинде өтөт. Дареги: Проектируемая 1-көчөсү, болжол "Кудайберген" унаа тетик базары”, - деп кошумчалады Аида Касымалиева.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында "Өмүр үчүн ойнойбуз!" деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеши аялдардын башын бириктирип, “Волейбол боюнча Орто Азиядагы аялдар лигасы” коомдук фондунун түптөлүшүнө шарт түздү.

Пикир

Оставить комментарий