• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто маданият кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Ашым Осмонов, маданият кызматкерлери катышты.

Н.Кадыров эл аралык маданий иш-чараларды мыкты деңгээлде өткөрүүдө маданият кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз экендигин белгилеп, майрамы менен куттуктады.

“Маданият кызматкерлери өз өнөрлөрү менен элдин сүймөнчүгү гана болбостон мамлекеттин элчиси болушат. Ош шаарында, өлкөдө өтүп жаткан маданий иш-чараларда шаарда эмгектенип жаткан маданият кызматкерлери намысты алдырбай, патриотуулук менен кызмат кылып келе жатышат. Ош шаарынын мэриясы жасалып жаткан иш аракеттерди көмүскөгө калтырбай ар тараптан колдоп келе бермекчи. Маданият кызматкерлеринин кылган кызматы өзгөчө мактоого арзыйт”, - деди Н.Кадыров.

Салтанаттын жүрүшүндө маданияттын өсүп-өнүшүнө, элге ак ниет менен эмгек кылып өзгөчөлөнгөн 60тан ашуун маданият кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин, маданият башкармалыгынын Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары жана КРнын маданият маалымат жана туризм министрлигине караштуу улуттук маданий борборунун Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий