• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто май куюучу жайда жарылуу болуп, эки адам жабыркады - сүрөт

Аймак 0

Бишкек,21.03.19./Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу жайга (АЗС) барып, тиешелүү кызматтардан маалымат алды, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, калаа башчысы атайын комиссия шаардагы май куюучу жайларды текшерүүгө алаарын, буга чейин мыйзамсыз курулган жана коопсуздугу каралбаган май куюучу жайлар алынаарын билдирди.

Андан кийин кырсыктан жабыркаган эки жарандан кабар алып, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болоорун билдирген.

"Жабырлануучулардын биринин абалы оор, бирок туруктуу. Экинчи жабырлануучу Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, абалы орто", - деп билдиришти ведомстводон.

Эске салсак, 20-мартта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонундагы май куюучу жайда жарылуу болуп, өрт саат 22.10до чектөөгө алынган.

Кырсык болгон жайга тез жардам жана ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрү өз убагында жетип барган. Кырсык боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий