• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто май куюучу жайдагы өрт түндө өчүрүлдү - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Кечээ, 31-июлда Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунун Мамыров көчөсүндө жайгашкан "Петролиум" май куйуучу жайындагы күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 22:23тө келип түшкөн.

"Тилсиз жоо саат 23:09да чектөөгө алынып, түнкү саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн", - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан .

Өрт өчүрүүгө жалпысынан 6 бөлүм тартылган, жабыркагандар тууралуу эч кандай маалымат жок.

"Өрт өчүрүүчүлөр өрттүн май куйуучу жайына өтүп кетүүсүн токтотуп калышкан. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп кошумчалашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий