• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто май куюучу жайлардын ээлерине киргизилип жаткан жаңы системанын механизми түшүндүрүлдү - Салык кызматы

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында “Май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасынын санариптик чечимдери” деген темада көчмө тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматынын өкүлдөрү Ош шаары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы май куюучу жайлардын ээлерине республика боюнча 2020-жылдын 1-июлунан тартып киргизилүүчү мунай жана мунай заттардын жүгүртүлүшүн контролдоонун жаңы системасынын механизмин түшүндүрүп, алардын берген суроолоруна жооп беришти.

Май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасынын, электрондук товардык транспорттук коштомо кагаздын (ЭТТКК) бет ачары болду. Бул жаңылануулар үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып республиканын санариптик өнүгүүсүнүн жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында өлкөнүн бардык аймагында киргизилет.

Май куюучу жайлардын ээлери ар бир жаңылануу менен таанышып, бизнес үчүн практикалык артыкчылыктарын баалашты. АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасы күйүүчү майлардын товардык чеги жок сатылышына бөгөт коюп, көмүскө экономика менен күрөшүүгө жана ак ниет салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, башкаруунун автоматташтырылган системасы реалдуу убакыт режиминде май куюучу жайлардын ишин көзөмөлдөөгө жол ачат. Май куюучу жайлар жаңы системаны колдонуу үчүн орнотуучу компанияны өз алдынча тандоо жолу аркылуу 2020-жылдын 1-июлуна чейин керектүү жабдуулар жана программалык камсыздоолор менен жабдылышы керек.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын аймагындагы май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын орнотуп жаткан 4 компания иштеп жатат.

Май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы жөнүндө маалыматтарды алуу менен катар, жолугушуунун катышуучулары 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке кирүүчү жаңы документ - электрондук товардык транспорттук коштомо кагаздын өзгөчөлүктөрү менен таанышты. ЭТТКК милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасында мунай жана мунай заттарын өндүрүү, импорттоо жана сатуу чөйрөсүндөгү ишкердикке карата колдонулат. Эми мыйзамды сактаган салык төлөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, күйүүчү-майлоочу материалдарды жөнөтүү салык кызматынын маалыматтык системасынын жардамы аркылуу жүргүзүлөт.

Аталган иш-чарадан кийин май куюучу жайлардын ээлери жаңы системаны киргизүүнүн техникалык жактары, системаны орнотуп жаткан компаниялар тууралуу суроолорду берип, тиешелүү түшүнүк алышты.

Ишкерлер автоматташтырылган системаны орнотуу учурундагы бир катар көйгөйлөрдү айтуу менен май куюучу жайларды башкаруу системасын киргизүү зарылдыгына макул экендигин билдиришти.

Салык кызматкерлери өз кезегинде керектүү маалыматтарды берип, айтылган бардык сунуштар жогорку органдарга жеткириле тургандыгын баса белгилешти.

Жолугушууда салык кызматы мунай жана мунай заттар рыногунда калыс атаандаштык чөйрөсүн түзүү максатында ата-мекендик бизнес менен диалог түзүү үчүн ар дайым ачык экендиги да белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий