• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто мал уурдоого шектелген топ кармалды

Аймак 0

Бишкек, 06.01.20. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мал уурдоого шектелген топту кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 4-январдан 5-январга караган түнү Бишкек шаарына 10 жылкыны автомашинага жүктөп бара жаткан жарандар кармалган. Алар 1999-жылы туулган Б.Т, 1978-жылы туулган М.К, 1996-жылы туулган К.А. жана 1993-жылы туулган С.Ж. болгон. Алардын үчөө бир нече жолу соттолгондугу аныкталды. Үчөө Ноокат районунун тургундары, ал эми бирөө Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын тургуну болгон.

Азыркы убакта алынган жылкылардын айрымдары ээлерине кайтарылып берилип жатат. Жылкы ээлери Ноокат районунун тургундары. Шектүүлөр жылкыларды жайыттан уурдап кетишкендиктери тууралуу көрсөтмө берип жатышат. Алар уурдалган жылкыларды Чүй облусунун мал базарларынын биринде сатууну же этке өткөрүүнү пландаштырышкан.

Учурда шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий