• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто мал жандыктар сибирь жарасына каршы эмделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Ош облусунун Кеңеш айыл аймагында мал жандыктарга сибирь жарасына каршы эмдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктан билдиришти.

Ага ылайык, Кара-Кулжа райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгы тарабынан ветеринардык адистердин тобунан түзүлгөн мобильдик топ 7-8 сентябрда Кеңеш айыл аймагынын тургундарынын айыл чарба жаныбарларына алдын ала эмдөө, дарылоо жана лабораториялык изилдөө үчүн кан алуу иш чараларын өткөрүштү.

"Алар тарабынан аталган аймакта 93 баш жылкы, 592 баш бодо мал жана 625 баш майда жандыктар сибирь жарасына каршы эмделди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий