• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Мамлекеттик тил күнү белгиленип, мугалимдер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 22-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мекеме ишканалардын кызматкерлери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер катышты.

Вице-мэр мамлекеттик тил күнү өзгөчө майрам экенин белгилеп, ар бир Кыргызстандык жаран мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошууга милдеттүү экендигин билдирди.

Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин, Ош кыргыз улуттук драма театрынын артисттеринин, окуу жайлардын, мектептердин чыгармачыл топторунун коштоосунда сахналаштырылган көрүнүштөр жана концерттик программалар менен коштолду.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече мугалим мэриянын ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланды. Ошондой эле жаш кыргыз тилчи мугалимдерге баалуу белектер тапшырды.

Мындан тышкары, “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын республикалык турунда 3-орунду камсыз кылган мугалимдерге ноутбук, залкар ойчул Х. Карасаевдин, К. Тыныстановдун 120 жылдык иш-чарасын жогорку деңгээлде уюштурган мугалимдерге акчалай сыйлык жана телевизорлор тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий