• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Мамлекеттик туунун 28 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына арналган “Желбирей бер эркиндиктин желеги” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана жаштар катышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жалпы кыргызстандыктарды куттуктап, бул күн өзгөчө майрам экендигин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө жоокерлер Мамлекеттик тууну борбордук аянтка алып чыгып, өлкөнүн эркиндигин даңазалашты.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап, 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 28 жыл толду.

Пикир

Оставить комментарий