• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкелердин 62,8 пайызы өзүнүн турак жайын камыздандырган

Аймак 0

Бишкек, 09.12.17./Кабар/. Кечээ, 8-декабрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, коллегиянын мүчөлөрү, мекеме ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештин төрага, төрайымдары катышты. Жыйындын жүрүшүндө 5 маселе каралып, талкууга алынды.
Коллегиянын күн тартибиндеги Ош шаарындагы турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун жүрүшү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору Кутманалы Абдырахман уулу маалымат берди.
“ Баарыбызга белгилүү болгондой Ош шаарынын мэриясы 2015-жылдын 31-июлунда кабыл алынып, 2016-жылдын 11-февралында күчүнө кирген “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткарууну уюштуруу боюнча бир катар уюштуруучулук иш-аракеттер жүргүзүлгөн.
Ушул Мыйзамдын негизги максаты болуп Өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна же жок кылынышына байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү болуп саналат.
2017-жылдын 1-январына карата 14515 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер эмгектенген болсо, алардын арасынан 9120 адам өзүнүн турак жайын камыздандырышкан. Бул жалпы кызматкерлердин 62,8 пайызын түзөт.
Кыймылсыз мүлктү өрттөн жана табигий кырсыктардан камсыздандырууга жеке сектордогу үйлөрдүн жана көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринин тургундары кайдыгер мамиле жасашууда. Алсак жеке сектордогу 32199 жер үйдүн ичинен 2463 үй (7,6 пайыз), ал эми 33966 көп кабаттуу үйдүн 1688 батири (5,0 пайыз) гана камсыздарылган. Бул багытта аймактык кеңештер мамлекеттик маанидеги өзгөчө маанилүү маселеге жетишсиз мамиле жасап жаткандыгын белгилөөгө болот.
Көп кабаттуу үйлөрүн батирлерин өрттөн жана табигий кырсыктардан камсыздандырууну уюштуруу оор бойдон калып жатат. 2017-жылдын 1-январына карата 33966 батири катталган болсо алардын ичинен 1688 гана камсыздандырылган. Көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерин камсыздандыруу иштерин уюштурууга эч ким кызыккан эмес.
Турак жайларды өрттөн жана табигий кырсыктардан камсыздандырууну уюштуруу милдети жүктөлгөн “Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча филиалына олуттуу доомат коюуга негиз бар. Коомдун жана Филиалдын ишмердиги негизинен маалымат жыйноо менен гана чектелип, уюштуруучулук иштерди жүргүзүүгө жетиштүү маани берилбей келе жатат.
Ошондуктан, уюштуруучулук иштерди жүргүзүүгө жетиштүү мани бербеген мамлекеттик жана муниципалдык мекеме ишканалардын жетекчилерине мыйзам чегинде тийиштүү чара көрүүнү жана шаардын аймагында жайгашкан структуралык түзүмдөрүнүн, менчигинин түрүнө жана аймактык баш ийүүсүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын, аймактык кеңештердин кызматкерлеринин турак жайын камсыздандырууну толук аягына чыгуу үчүн мындан ары күн сайын камсыздандыруу уюмунун кызматкерлери менен жеке өздөрү жергиликтүү жашоочулар жана кызматкерлер менен биргеликте тыгыз иш алып барууну сунуштайм.
Ар кандай өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, анын кесепетин тез арада жоюуга ар кимибиз өзүбүз даяр болушубуз керек экендигин баса белгилеп кетемин”,-деди К.Абдырахман уулу.

Пикир

Оставить комментарий