• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. 23-июнда Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү, - деп билдирет Ош мэриясынын басма сөз кызматынан.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул өзгөчө мамилени жана өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарууну талап кылган чөйрө экендигин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар жетекчиси Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы, ак ниет эмгеги үчүн бир нече кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Андан соң Мамлекеттик кадр кызматынын, шаардык кеңештин Ардак грамоталары тапшырылды.

Айта кетсек, БУУнун Ассамблеясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын коомдогу ордун жана ролун эске алып, 2002-жылдын 20-декабрында 23-июнду мамлекеттик кызматкерлердин күнү катары белгилөө чечимин кабыл алган.

Ошол күндөн бери жыл сайын 23-июнь күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий