• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто марттын аягына чейин эки жаңы балдар бакчасы колдонууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Ош шаарында март айынын аягына чейин эки жаңы балдар бакчасы колдонууга берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бир катар жаңы курулуп жаткан балдар бакчаларынын курулуш иштерин текшерип, жеринде көрүп кайтты.

Алгач «Амир-Тимур» аймагындагы 100 орундуу балдар бакчасынын курулушуна барды. Куруучуларга шаар башчысы курулуштун эң негизги багыты сапатында жана балдарга болгон ыңгайлуулугунда экендигин баса белгилеп, ар бир жасалып жаткан иш кылдаттык менен аткарылышы керектигин билдирген.

«Учурда Ош шаарында 3 балдар бакчасынын курулушу кызуу жүрүп жатат. «Амир-Тимур» жана «Юго-Восток» кичи райондордо жайгашкан балдар бакчасын март айынын аягына чейин шаардыктарга колдонууга беребиз. Эң негизгиси сапат, силерден суранарым ар бир куруучу аткарып жаткан ишин өз үйүнө кылган эмгек деп билиши шарт. Замандын талабына ылайыкташкан, баардык шарты менен балдардын уктоосуна, эс алуусуна, ойноп, достошуусуна шарт түзүп, алардын келечеги үчүн куралы», - деди мэр.

«Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында курулуп жаткан балдар бакчасында негизги жумуш аяктап, учурда курулуштун сыртын актап, боек берүү менен жашылдандыруу иштери калган.

Ошондой эле шаар башчысы «Юго-Восток» кичи районундагы 120 орундуу балдар бакчасынын курулушун да текшерип, бир катар тапшырмаларды берип кайтты.

Пикир

Оставить комментарий