• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто машыгуучу жайлардын санитардык абалы текшерилип, эскертүүлөр берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. 27-28-май күндөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери Санитардык-эпидемилогиялык көзөмөл борборунун адистери менен биргеликте Ош шаарындагы иштөөгө уруксат берилген спорттук жана фитнес-клубдардагы санитардык талаптардын аткарылышына текшерүү жүргүзүштү.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, анын негизинде 10дон ашуун машыгуучу жайлар текшерилди. Спорттук залдар дезинфекцияланып санитардык талаптар сакталган. Антисептик, хлор каражаттары менен камсыз болгон. Кызматкерлер беткап кийип, кардарлар аралыкты сактоо менен машыгууда.

Айрым санитардык талапка жооп бербеген жайларга Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Мындан ары да, Ош шаарындагы машыгуучу жайлардын санитардык талаптары шаардык дене тарбия жана спорт комитети, тиешелүү кызматтар, мобилдик топтор тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Талаптар аткарылбаса жетекчилиги мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Пикир

Оставить комментарий