• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ошто мечит имамдарына кургак учуктун алдын алуу боюнча окуу семинары болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.01.18 /Кабар/. 20-21-январь күндөрү Ош шаарында Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) биргеликте уюштурган “Кургак учукту жеңебиз” аттуу долбоорунун алкагында дин кызматкерлери үчүн эки күндүк окуу семинары болуп өттү.

Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдиргендей, аталган семинарга Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облустук казыятынын фатва бөлүмүнүн башчысы Нургазы Эрматов, ЮСАИД уюмунун өкүлү Дилшат Хаитов жана Ош облусунун аймагынан 25 мечит имамдары катышышты.

Семинардын жүрүшүндө медицина адистери тарабынан имамдарга Кыргызстандагы кургак учуктун абалы боюнча маалыматтар, кургак учук тууралуу негизги түшүнүктөр, жарандардын кургак учук оорусунун алдын алуу жолдору жана кургак учук менен ооруган жарандарды дарылоо боюнча окутуу иштери жүргүзүлдү. Ал эми КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов “Исламдагы ден-соолук маселелери” темасы боюнча лекция окуп, Исламда ооруган адамдардын дарылануусуна өзгөчө маани берилип, жарандын ички дүйнөсү ибаадат аркылуу тазаланса, өздүк гигиеналык эрежелерди сактоо жана тазалык аркылуу ден соолукка кам көрүлөөрүн белгиледи.

ЮСАИД уюмунун өкүлү Дилшат Хаитовдун айтымында, семинарды уюштуруунун негизги максаты дин кызматкерлерине Кыргызстандагы кургак учуктун абалы боюнча кеңири түшүнүк берип, коомчулукту руханий жактан туура жашоого тарбиялап келген имамдардын жардамы аркылуу кургак учук менен ооруган жарандарга болгон коомчулуктун мамилесин туура көз карашка өзгөртүү экендигин билдирди. Ошондой эле кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КМДБ менен биргеликте ушул жылдын март айында Ош шаарында дин кызматкерлери арасында спорттук иш-чаралар уюштурулаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий