• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто медициналык таштандыларды жок кылуу үчүн атайын чуңкурлар даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Ош шаарында пневмония жана COVID-19 менен ооругандардын медициналык таштандыларын чыгаруу үчүн атайын таштанды контейнерлери орнотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош шаарынын мэриясынын атайын протоколдук тапшырмасына ылайык, "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы пневмония жана COVID-19 менен ооругандар үчүн ачылган обсервациялардан жана башка саламаттыкты сактоо мекемелеринен медициналык жана башка кооптуу таштандыларды санитардык эрежелердин негизинде жок кылуу үчүн таштанды полигонунда атайын чуңкурларды каздырып даярдады.

COVID-19 оорусу менен ооруп, үй шартында дарыланып жаткан тургундардын үйлөрүнөн чыгарылган медициналык жана кооптуу таштандылар үчүн атайын таштанды контейнерлери төмөнкү даректерге коюлду:

1. Кулатов 14-үйдүн жанында;
2. Айтиев 13-үйдүн жанында;
3. Семетей кино театрынын жанында (ХБК);
4. Карл Маркс атындагы мектептин жанында.

Пикир

Оставить комментарий