• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Мекенди коргоочулардын күнүнө карата волейбол жана баскетбол мелдеши өтөт

Аймак 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Ошто Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 20-21-февраль күндөрү эркектер арасында волейбол жана 22-февраль күнү баскетбол боюнча мелдеш өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш эки топко бөлүнүп өткөрүлөт:

1-топ, Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында,

2-топ, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери арасында.

Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланат.

Бул мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үнөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан шаардагы бардык каалоочу мекеме ишканалар жана окуу жайлардын командалары катыша алат.

Иш-чара 20-февраль күнү Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде, 21-22-февраль күндөрү “Газпром” спорт комплексинде өтөт.

Мелдешке катышуу үчүн табыштамалар (Заявки) 19-февралга чейин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат.

Дареги: Ош шаары, Супаналиев көчөсү 1.

Байланыш телефондор: (03222) 2-50-34, 2-76-91.

Пикир

Оставить комментарий