• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто мектеп окуучулары арасында роботтехникасы боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Ош, 18.12.19. /Кабар/. Ош шаарында мектеп окуучулары арасында “ROBOSKY TECH FEST - OSH”- 2019 аттуу сынак өттү. Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында уюштурулган.

Иш-чара балдар арасында ойлоп чыгаруу жана инновациялык ой жүгүртүүсүн жакшыртуу, ошондой эле алардын чыгармачыл сапаттарын арттыруу максатында уюштурулган.

Сынакка 8 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары катышкан. Катышуучулар он тайпага бөлүнүп, өздөрүнүн тапкычтыгын, билимин жана жөндөмдөрүн колдонуу менен бир нече сааттын ичинде “Сумо” роботун жасоолору керек эле.

Иш-чарага Кыргызстандын эң мыкты роботтехниктери чакырылган. Алардын ичинде: “РобоСкай” мектебинин негиздөөчүсү жана Кыргызстанда биринчи адам сыяктуу роботту жасаган Санжар Жумабеков да бар.

Жеңүүчүлөр төрт номинацияда тандалган. Аларга баалуу белектер тапшырылып, эң негизгиси Россия жана Казакстанда 2020-жылы өтүүчү роботтехникасы боюнча эл аралык беттештерге катышууга жолдомо алышты.

Пикир

Оставить комментарий