• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу иш-чарасы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Ош облусунда мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милицясынан билдиришти.

Мектеп окуучулары ар кандай кырсыктарга кабылып калуусун алдын алуу максатында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери мектептерде түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө.

"Кызматкерлер билим берүү мекемелердин жанында окуучулардын коопсуздугун камсыздап, өзгөчө башталгыч класстарда окуган окуучулардын жолдон коопсуз өтүүсүн камсыздоодо. Ошондой эле мектеп окуучуларына жол кыймылынын жана жолдо жүрүү эрежелери түшүндүрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ош облусунун аймагында 40тан ашуун мектеп эл аралык маанидеги жолдун жээгинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий