• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто мектепке барбай иштеп жүргөн 15 бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Кечээ, 18-декабрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунда милиция кызматкерлери тарабынан "Кароосуз бала" аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту болтурбоо, турмушу оор абалдагы жашы жете электердин абалын аныктоо боюнча чара көрүү жана мектепке барбай жумушта иштеп жүргөндөрдү кайра окуусуна кайтаруу.

Милиция Өзгөн районунун аймагында мектепке барбай жумуш жасап жүрүшкөн 15 өспүрүмдү аныктаган. Алардын ичинен 13 өспүрүмдүн ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Калган эки өспүрүм Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин укук бузууларын алдын алуу борборуна жеткирилди. Тийиштүү документтер топтолгондон кийин балдардын иши боюнча комиссиянын кароосуна жиберилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий