• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто мектепти артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда Ош шаарынын мэриясында “Алтын тамга” жана “Алтын сертификат” ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин куттуктап, келечек муундардын билим алуусуна ыңгайлуу, заманбап шарттарды түзүү калаа бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи.

Шаар башчысы “Алтын аттестат” жана “Алтын тамга” аттестаттарынын ээлерине, алардын мугалимдерине эстелик белектерди тапшырды.

Ош шаарында быйылкы жылы 3 окуучу “Алтын сертификатка” ээ болушту.

1. Алимканова Тамара - Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү;

2. Маматисаев Манас - “Олимп” мектебинин бүтүрүүчүсү;

3. Мирлан уулу Жоомарт - М.В.Ломоносов атындагы мектептин бүтүрүүчүсү;

3 окуучу “Алтын тамга” сертификатына жетишти.

1. Байитова Нурия Зарипбековна – “Билим” лицейинин бүтүрүүчүсү;

2. Назирбекова Сабрина Асановна - Курманжан-Датка атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү (Сапат);

3. Алимканова Тамара - Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.

Белгилей кетсек, Т.Алимканова “Алтын тамга” жана “Алтын сертификат” ээси.

Пикир

Оставить комментарий