• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто «Мен конституция менен жашайм» акциясы өттү (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 05.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-майда Ош шаарындагы Алымбек-Датка этно комплексинде «Мен конституция менен жашайм» акциясы өттү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына арналган.

Иш-чарага Оштун вице-мэри Шакир Зулимов, Ош шаардык юстиция башкармалыгынын жетекчиси Арапбай Зияев, шаардык мекеме, уюмдардын жана аймактык кеңештин өкүлдөрү, шаар тургундары, жаштар жана активисттер катышты.

Акциянын алкагында атайын уюштурулган концерттик программа коюлду.

Белгилей кетсек, 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Дал ушул күнү 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясы күчүн жоготкон.

Пикир

Оставить комментарий