• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто миңге жакын энеге баалуу белектер берилди

Аймак 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Бүгүн, 18-майда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган майрамдык иш чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар мэри бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды энелер күнү менен куттуктады.

"Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен бүт Кыргызстандык асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды бул маанилүү майрамдары менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Энелер жөнүндө кандай гана алкоо, кандай гана мактоо айтпайлы сиздер ага татыктуусуздар. Эне үйдүн куту, турмуштун туткасы, дешет элибизде. Сиздер ажарлуу жүзүңүздөр, айкөлдүгүңүздөр, акылмандыгыңыздар жана туруктуулугуңуздар менен биздин турмушубуздун көркүн ачып, ынтымактын, биримдиктин данакери жана сулуулуктун символу болуп келесиздер. Бул салыштыруулар жөн гана кооз сөздөр эмес, турмуш чындыгы экендигин эч ким тана албайт”, - деди А. Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын негизинде 1000ге жакын энеге баалуу белектер тапшырылып, Улуттук филармониянын ырчылары Саламат Садыкова, Султан Каримов жана башка эстрада жылдыздарынын, "Ак Марал" бий тобунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий