Ошто Миграция кызматынын жетекчиси мейманканасын пневмония менен ооругандарды кабыл алуу үчүн пайдаланууга берди

Аймак 0

Бишкек, 05.07.20. Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Болотбек Ибраимжанов Ош шаарындагы мейманканасын пневмония менен ооругандарды кабыл алуу үчүн пайдаланууга берди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

“Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Болотбек Ибраимжанов Ош шаарындагы "Sun Rise" мейманканасын пневмония менен ооругандар үчүн оорукана катары пайдаланууга берди”, - деп билдирет Ош шаарынын мэриясы.

Ош шаарынын мэриясы кыйын кырдаалда мейманканасын оорукана катары тапшырып жаткан Ибраимжановдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий