• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт, айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Аймак 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Ош шаардык милиция "Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп аталган эл аралык салтанатты утурлай күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Ошто "Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык салтанатынын расмий ачылышы болот. Бул эл аралык иш чарага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн расмий коноктору келиши күтүлүүдө.

Эл аралык иш чаранын алдында, милиция кызматкерлеринин даярдыгын алдын ала текшерүү максатында саптык кароо болуп өттү. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги М.Боронов өздүк курамга бул талаптагыдай тартипти, келбетти, жарандарга мамилени так сактап, жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү эскертти.

Өздүк кароо учурунда кызматкерлерге таандык буюмдардын болушу, сырткы келбети текшерилди. Ар бир кызматкерге бул күндөрү өздөрү тууралуу кыскача маалыматтарды камтыган бейджиктерди тагынып жүрүү милдеттендирилди. Бул күнү аныкталган айрым кемчиликтерди бир күн аралыгында жоюу тапшырылды. Кайрадан кароо 18-апрель күнү өткөрүлмөкчү.

Ош шаардык милициянын өздүк курамы бул салтанаттуу иш чара учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган укук коргоо органдары 19-апрелден баштап күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө киришишет.

Шаардагы бардык маданий иш чаралар өтүүчү жана коомдук жайлар көзөмөлгө алынат.

Мындан тышкары, Ош шаарында салтанат күндөрү иш чаралар өтүүчү аймактарга жакын жайгашкан айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Ал көчөлөр тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий