• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто милиция кызматкерин унаанын капотуна жыгылта сүзүп сүйрөгөн аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Ошто милиция кызматкерин унаанын капотуна жыгылта сүзүп сүйрөгөн аял кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү саат 10:20лар чамасында Ош шаарынын Р.Абдыкадыров менен С.Абдувалиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда-фит” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу (аял) мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, автоунаасын токтотпостон милиция кызматкерин унаанын капотуна жыгылта сүзүп сүйрөгөн.

"Унааны айдап качууга аракет жасаганда укук коргоо кызматкери эскертүү иретинде асманга бир жолу ок чыгарган. Автоунаа токтотулуп, айдоочу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алынып келинген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 355-берененин 1-пункту боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейики өндүрүш иши боюнча милиция кызматкеринин алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий