• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто милиция кызматкерлери балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жагымдуу маанай тартуулашты

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Ошто милиция кызматкерлери балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жагымдуу маанай тартуулашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, кезектеги жагымдуу иш-чараны уюштурушту.

Милиция кызматкерлери «Алтын уя» балдар үйүнүн 12 тарбиялануучулары менен биргеликте Оштогу «Глобус» ири дүкөнүнүн балдар бөлүмүндө болушуп, оюн-зоок атракциондордо балдардын эс алуусуна шарт түзүп беришти. Андан соӊ жаш балдарга «Лаваш борбору» тамактануучу жайында түшкү тамак тартууланды.

Бул кайрымдуулукту көздөгөн иш-чара милиция кызматкерлери тарабынан балдарга берилген чакан белектер менен аяктады. Балдарды шаарда алып жүрүүдө атайын транспорт уюштурулган.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мындай иш-чараларды өткөрүүнү салтка айлантып алышкан. Жыл башынан бери эле ушул сыяктуу 12 кайрымдуулук иш-чараларын өткөзүшкөн. Буюрса мындай жагымдуу саамалык дагы улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий