• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто милиция кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Ош шаарында милиция кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМнин Ардагерлер кеңешинин чечими менен 1-ноябрь — Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 97 жылдыгына жана 24-октябрь — ардагерлер кеңешинин түзүлгөнүнүн 61 жылдыгына карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгында көп жылдан бери үзүрлүү кызмат өтөп келе жаткан кызматкерлердин, ардагерлердин жубайлары “Офицердин жубайы” медалына ээ болушту.

“Көп жылдардан бери үйдөгү таянычы, жөлөгү болуп келе жатышкан милициянын офицерлеринин жубайларына бул сыйлыктар салтанаттуу түрдө өздүк курамдын алдында тапшырылды. Сыйлыктарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Канат Айдакеев тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий