• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто милициянын 13 жаштагы баласы атасынын тапанчасынан өзүн атып алган

Кырсык 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда милициянын 13 жаштагы баласы атасынын тапанчасынан өзүн атып алган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-январда саат 08:25те Ош облустук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын 13 жаштагы жашоочусу белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүп, бир даана 9 мм ПМ үлгүсүндөгү ок атуучу курал, аталган куралга эки даана магазин, 15 даана октору жана бир даана атылган октун гильзасын алышкан.

Алгачкы текшерүү иштердин жүрүшүндө белгилүү болгондой, аталган жерде жашаган үйдүн ээси 50 жаштагы ички иштер органынын кызматкери А.А. 20-январда Ош облустук милициясынын ыкчам тергөө тобунда жооптуу кызматкер катары жумушка жөнөп жаткан кезде, өзүнө бекитилген табелдик ок атуучу тапанчасын, эки даана магазин жана 16 даана октору менен жуунуучу бөлмөнүн сыртына столго калтырып, жуунганы кирип кеткен. Ал учурда мектепке жөнөп жаткан 13 жаштагы уулу О.И. тапанчаны кызыгып ойноп жатып, атып алган.

Жараат алган бала Ош шаардык ооруканага жеткирилген.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн дарыгери тарабынан кароо жүргүзүлгөн. Дарыгердин айтымында, баланын ички органдары жабыркабаган, көкүрөктүн сол тарабына ок тийген. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Аң-сезими тунук, өз алдынча кыймылдайт.

Жаш баланын алган денесиндеги жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык, окуя болгон жерден табылып алынган куралга, окторго жана бир даана гильзага карата соттук-дактилоскопиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Аталган факт боюнча алгачкы териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий