• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн конкурстук комиссиясынын жаңы курамы түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Ошто Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн конкурстук комиссиясынын жаңы курамы түзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин ЖКККББнын Ош ШИИБы боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн конкурстук комиссиясынын төрагасы болуп КР Ички иштер министрлигинин Адагерлер кеңешинин төрагасы Жоошбаев Султанбек Жоошбаевич бекитилди.

Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү болуп:

- Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча);

- Зикиров Таалайбек Мамаевич, Кыргыз Республикасынын МККнын түштүк аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары;

- Байгубатова Уулкан Жумашевна, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү;

- Жоробеков Таир Мамаюнусович, Ош шаардык мэриясынын коргонуу, укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси;

- Токтакунов Дүйшөналы Сулпукарович, "Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарынын айдоочулар союзу" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары, Бишкек шаарындагы автомектептин директору;

- милициянын полковниги Саркулов Ыманалы Кадырбаевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары;

- милициянын полковниги Орозакунов Эмил Ишенгазиевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ККБнын ЫЧБнын башчысы;

- милициянын полковниги Исраилов Бакыт Тургунбаевич, Ош ШИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары;

- милициянын подполковниги Асанбеков Нурлан Садирбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө башкармалыгынын башчысы;

- милициянын подполковниги Бозжигитов Данияр Куралбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КББнын башкы инспектору.

Учурда конкурстук тандоонун экинчи этабы жүрүп жатат. Конкурс жарыяланган күндөн тарта 397 арыз жана билдирме кабыл алынып, алардын 243 учуру жарандык жаштар тарабынан алынды.

2020-жылдын 17-декабрында Ош ШИИБы боюнча МККБнын бош кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөө болуп өттү.

Тестирлөөгө катышуу үчүн 244 талапкерге уруксат берилип, бирок, ар кандай себептерден улам 205 талапкер катышкан. Билим баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББжОУБ) жыйынтыгы боюнча тестирлөөдөн 172 талапкер ийгиликтүү өттү.

2020-жылдын 21-23-декабрында конкурстук комиссия тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлерден, дене тарбия даярдыктарын текшерүүнү кабыл алышты.

Жалпы 308 талапкер катыштып, анын 152си дене тарбия даярдыктарын ийгиликтүү тапшырышты.

2020-жылдын 24-25-декабрында дене тарбия даярдыктарын ийгиликтүү тапшырган талапкерлер менен аӊгемелешүү жүргүзүлөт.

Конкурстун бардык этаптарынын жыйынтыктары “www.mvd.kg”, “www.guobdd.kg” сайттарына жана маалымат агенттиктери аркылуу чагылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий