• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто милициянын подполковниги өлтүрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 24арт /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ошто киши колдуу болуп өлтүрүлгөн, 44 жаштагы милициянын подполковнигинин сөөгү табылган. Бул тууралуу түштүк калаанын ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Өлтүрүлгөн адам Ош шаары жана Ош облусу боюнча баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү башкармалыгынын инспектору экендиги маалымдалды.

“23-мартта 15:30да Ош шаарындагы Учур айылынын канал жээгиндеги Набережная көчөсүндө көк түстүү «Mitsubishi» унаасы табылган. Унаанын ичинде 1973-жылы туулган милиция кызматкери Таирбек Уларовдун сөөгү табылган. Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, ал желкесине катуу нерсе менен соккудан каза тапкан”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, ал үйүнөн 21-мартта чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендиги белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий