• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Москвага жасалма авиабилет саткан келин кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Ошто эки жаранга Москвага жасалма авиабилет саткан келин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык милициянын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Москвага деп эки билетти 86 миң сомго сатып жиберген аял кармалган. Жасалма билеттин учуу күнү ушул жылдын 12-февралына белгиленген. Сатып алган жабырлануучулар билетте көрсөтүлгөн убакта аэропортко келип, алданып калганын билишкен.

Кармалган аялдын өздүгү такталып, ал 1998-жылы туулган Н.Н. болуп чыккан. Ал мындай кадамга карыздары көбөйүп кеткендиктен баргандыгын айткан.

Учурда алдамчылык беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн колунда жаш 2 баласы бар экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий