• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто муниципалдык ипотекалык ишкана 9 кабаттуу үйдүн курулушун баштады

Аймак 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” муниципалдык программасынын алкагында 9 кабаттуу жаңы үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу, тиешелүү мекеме-уюмдардын жана кызматтардын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Мэр белгилегендей, бул долбоордун өзгөчөлүгү батирлер толугу менен бүткөрүлүп, башкача айтканда батирлердин ички ремонту, тиешелүү тутумдарга кошуу, санузел, эшиктери, газ тармагына кошуу иштери толугу менен бүткөрүлүп берилет.

“Бул Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан бешинчи долбоор. Азыр капсула салынып жаткан 9 кабаттан турган 106 батирлүү үй 2024-жылдын апрель айында пайдаланууга берилмекчи. Бир чарчы метрдин баасы 39 миң 525 сомду түзөт. Бул үйдүн жанына муниципалдык ипотекалык программанын алкагында жакынкы аралыкта дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоо пландалууда. Андагы батирлер 10 жылдык мөөнөткө берилет, ошондой эле толугу менен даяр болуп, кирип эле жашай турган шартта бүткөрүлөт”, - деди мэр.

Эске сала кетсек, буга чейин Тилеке-Батыр көчөсүндө “Үлүштүк курулуш” муниципалдык программасынын алкагында 100 батирлүү алгачкы көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган.

Пикир

Оставить комментарий