• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто муниципалдык ипотекалык программа боюнча биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программа боюнча биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 12-ноябрда Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов «Достук» кичи районундагы 9 кабаттуу, 90 батирлүү үйдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда аткарылган иштердин сапаты, ошондой эле курулушта колдонулган материалдардын сапаты текшерилди. Учурда бул объектини пайдаланууга берүү боюнча зарыл чаралардын комплекси көрүлүүдө.

Аталган маселени Ош шаардык мэриясынын бүгүнкү коллегиясында Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий