• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто муниципалдык ипотеканын алкагында көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап жатат

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Ош шаарында апрель айында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында пайдаланууга берилүүчү экинчи көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Жасур Азимов баштаган мэриянын комиссиясы, шаардык кеңештин депутаттары Курманжан-Датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн курулушунун акыркы этабы менен таанышты.

"Ал муниципалдык ипотекалык программанын алкагында пайдаланууга берилет", - деп билдирди мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий