• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто мыйзамсыз үй салып жаткан курулуш компаниясына кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Ош шаарында архитектуралык уруксат иш кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүп жаткан курулуш компаниясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө шаардын Тилеке-Баатыр көчөсүндө “А-П” ЖЧКсы көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок, өзүм билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (“өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий