• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан 13 кабаттуу үй бузулат

Аймак 0


Ош, 04.06.19 /Кабар/. Ош шаарынын Масалиев 64 көчөсүндө мыйзамсыз салынып жаткан 13 кабатттуу үйдүн курулушун сүрдүрүү иштери башталды.

Буга чейин мэриянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия соттун чечими менен мыйзамсыз курулган үй деп табылган жерге барып келишкен.

Мыйзамсыз курулган үйдү түрттүрүү боюнча маселе Ош шаарынын мэриясына жарандардын кайрылуусунан улам көтөрүлгөн.

“Булар үйдүн котлаванын жаңы куруп баштаганда эле токтотуш керек эле. Ошто мыйзамсыз куруу системага айланды. Жергиликтүү бийлик органдарынын шалаакылыгынан улам ушундай нерселер болууда. Мыйзамсыз курулуштар кандай болгон күндө да түрттүрүлө тургандыгын айтышыңар керек”, - деген Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.

Пикир

Оставить комментарий