• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто мыйзамсыз курулуш жүргүзүп жаткан жеке жана юридикалык жактардын тизмеси такталат

Аймак 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Оштун мэри Бакытбек Жетигенов мыйзамсыз курулуштар боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэр өз сөзүндө кечээ коомчулук Шакиров көчөсүндөгү мыйзамсыз объекттилердин курулушунун маселесин көтөргөндүгүн эске салып, тез аранын ичинде бул объектти жана шаардагы бардык мыйзамсыз курулуштарды тийиштүү текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгын айтты.

"Биз мыйзамсыз аракеттерге каршы туруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек. Курулуш компаниялары эмне үчүн мынчалык өз билемдик менен мамиле жасашат? Эч кимди калкалоо болбойт. Бүгүнтөн баштап мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин бардыгын тактагыла, жеке, муниципалдык, стандартка туура келеби же жокпу, муну ачык айтыш керек. Шаардагы мыйзамсыз курулуштарды токтотууга убакыт келди”, - деди шаар мэри Бакытбек Жетигенов.

Ошондой эле калаанын бир катар жолдорунда башаламан унаа токтоочу жайларды пайда кылган шаарлар жана райондор аралык такси кызматтарынын ишин тартипке келтирүү талабы коюлду.

Жыйындын соңунда жетекчилерге тиешелүү тармактарда эрежелердин жана талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү жакшыртуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий