• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто мыйзамсыз курулуштар алынып, көчөлөр кеңейтилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жолдор кеңейтилип, ирригациялык лотоктор жаңыланат. Мындан тышкары жолдун эки тарабы жашылдандырылып, түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, бул боюнча шаар мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырма берип, аталган көчөдөгү мыйзамсыз курулуштар алына баштаган.

Күн мурун вице-мэр Жасур Азимов башташган тиешелүү жетекчилер Абдыкадыров көчөсүндө жүрүп жаткан иштер менен таанышып, оңдоо иштери боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү.

Бүгүнкү күндө Анар жана Төлөйкөн кичи районундагы тротуарга чыгып кеткен күркөлөр, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы курулуштар бузулууда.

Жаңы үч аялдаманын да курулушу жүрүп жатат.

Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жакынкы айларда башталат, - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий