• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто мыйзамсыз соода күркөсүн бузуу талабы коюлду

Аймак 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Ош шаарында унаа тетиктерин саткан «Кудайберди» соода күркөсүн буздуруу боюнча талап коюлду. Мамэкотехинспекциядан билдиришкендей, аталган соода жайы Манас ата аймагында Касымбеков көчөсүндө уруксаты жана архитектуралык документтери жок мыйзамсыз жайгашкан.

Жеринде Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан курулушту буздуруу боюнча тийиштүү кагаздар толтулду. Учурда мыйзамсыз курулушту буздуруп, жерди баштапкы калыбына келтирүү боюнча материалдар чогултулуп, соттук кароого жөнөтүлдү.

Эске сала кетсек, Мамэкотехинспекция тарабынан Ош шаарында жайгашкан мыйзамсыз курулуш объектилерин буздуруу боюнча кызуу иш жүрүүдө. Аталган иштер Инспекциянын директору Канатбек Муратбековдун тапшырмасынын негизинде жүрүп жатат. Андыктан Мамэкотехинспекция жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өз аймагында жайгашкан мыйзамсыз курулуштардын эсебин чыгарып, алдын-алуу, башаламан курулуштарды токтотуу иштерин жүргүзүү максатында инспекторлор менен тыгыз иштөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий