• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто мыйзамсыз соода түйүндөр, жарнак тактайчалары алынып жатат

Аймак 0


Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз соода түйүндөр, жарнак тактайчалары алынып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-декабрда Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды, башаламан жайгаштырылган, эскирип талапка жооп бербеген сырткы жарнактарды алып салуу иштери жүргүзүлдү.

Анын негизинде “Рамазан” соода борборунун алдында өз билемдик менен курулган күркө сүрдүрүлүп, тез тамактануучу жайга үчүнчү ирет эскертүү берилди. Ошондой эле, Навои көчөсүндө тротуарга жайгаштырылган жарнак тактайчалары алынып, соодагерлерге эскертүү иштери жүргүзүлдү.

Ош мэриясынан белгилегендей, мындай иш-аракеттер алдыда да улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий