• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто мыйзамсыз тургузулган объектилер алынууда

Аймак 0

Ош, 15.11.18. /Кабар/. Кечээ, 14-ноябрда Ош шаарынын Шейит-Дөө аймагындагы мыйзамсыз объектилер алына баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иштер жолду кеңейтүү максатында аткарылып жатат.

“Аталган аймакта күн сайын жол тыгындары болгондуктан айдоочулар жолдо 1 саатка чейин туруп калышат. Анын себеби жолдор кууш жана жол жээгине чыгып кеткен айрым мыйзамсыз курулуштар болууда”, - дейт мэриянын басма сөз кызматы.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кээ бир тургундар жолдогу тыгындарды азайтуу үчүн курулуш жабдыктарын саткан чакан базарды шаардын четине которуп, жолду кеңейтүүнү сунушташууда.

Пикир

Оставить комментарий