• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 1500 литр спирт камтылган продукция аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу районунда рейддик иш-чаранын жүрүшүндө спирт камтылган продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, унаа кармалып, анын ичинде продукцияга уруксат берүүчү коштомо документтери жок спирттин спецификалык жыты бар 2 желим идиш табылган.

Спирттин спецификалык жыты бар 1 миң 500 литр суюктук тартып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция жергиликтүү этил спиртин өндүрүүчүлөрдүн бири тарабынан жеке адамдарга берилген, алар өз кезегинде аракты кустардык ыкма менен өндүрүү үчүн колдонушкан.

Ишкердик субъектиге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, алкоголдук продукцияны кустардык ыкма менен даярдоо мамлекетке өлкөнүн бюджетине салыктардын тиешелүү суммасын төлөбөө түрүндө зыян келтирет, ошондой эле контрафакттык алкоголдук продукцияны колдонгон жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жартат.

Пикир

Оставить комментарий